Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:25

“Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоорунун аталышы сынга кабылды


Жогорку Кеңещ. Иллюстрациялык сүрөт.
Жогорку Кеңещ. Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеш 21-декабрдагы жалпы отурумунда бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш берди. Анын ичинде “Вакуф (вакф) негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору 1-окуудан добушка коюлду. Талкуу учурунда депутаттар Надира Нарматова менен Камила Талиева мыйзам долбоорунун аталышын сындап чыкты.

Депутат Нарматова араб тилинен алынган "вакуф" деген сөздү кыргызча "мурас" деген сөз менен алмаштырууну сунуш кылды.

Төрага Нурланбек Шакиев депутаттарды мыйзам долбоорунун аталышына эмес, концепциясына баа берүүгө чакырып, кыргыз тилинде арабчадан кирген көп сөз колдонулуп жатканын мисал келтирди.

Депутат Камила Талиева төраганын депутаттардын сөздөрүн комментарийлөөгө укугу жоктугун эскертти.

"Урматтуу төрага, сиз депутаттардын пикирин комментарийлеп, аны тыюуга укугуңуз жок" - деди Талиева.

Ага Шакиев "депутаттар регламентти бузса, бир айга чейин сөз бербей коюуга төраганын укугу бар" деп жооп берди.

Демилгечи депутат Мирлан Маматалиевдин айтымында, “Вакуф негиздери жөнүндө” мыйзам долбоору Кыргызстанда менчик мүлктү кайрымдуулук максатта иштетүү ишмердүүлүгүн тескейт. (ZKo)

XS
SM
MD
LG