Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Ноябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:17

АКШ орус мунайын импорттоо талаптарын катаалдатты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

АКШ Орусиянын мунайын жана мунай азыктарын импорттоо эрежелерине өзгөртүү киргизди. 20-декабрда кабыл алынган чечимге ылайык, баанын эң жогорку чегине эми катуураак талап коюла баштайт.

Гонконгдун жана Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) ишканаларына карата кошумча санкция жарыяланды. Кошмо Штаттар алар орус мунайын дүйнөлүк базарга алып чыгып сатууга жардамдашууда деп эсептейт.

Эми, жаңы эреже боюнча, баанын жогорку чеги тууралуу келишимге кол койгон өлкөлөр – «Чоң жети» уюмунун, Европа Биримдигинин курамындагы мамлекеттер жана Австралия – Орусияда өндүрүлгөн чийки мунай жана мунай азыктары боюнча жүргүзүлгөн ар бир коммерциялык опеарциясы тууралуу отчет берип турууга милдеттүү болушат.

Орус мунайынын наркынын эң жогорку чеги тууралуу келишим бир жыл мурда кабыл алынган. Ал деңиз аркылуу жеткирилген орус мунайынын баасын бир баррелине 60 доллардан ашпоо зарыл деп чектеп турат. Бирок Москва мунайын Украинага кол салгандан кийинки Батыш киргизген санкцияларга кошулбаган өлкөлөр аркылуу сатуусун активдүү улантууда. (RK)

XS
SM
MD
LG