Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:47

АКШ Өзбекстандын 119 жаранын мекенине кайтарды


АКШнын чек арасы. Архивдик сүрөт.
АКШнын чек арасы. Архивдик сүрөт.

АКШ өкмөтү 119 өзбекстандык жаранды мекенине кайтарганын 21-декабрда Өзбекстандын Тышкы эмгек миграциясы агенттиги билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Ташкентке жеткирилген бул жарандар Кошмо Штаттарга түрдүү мыйзамсыз жолдор, көбүнчө Мексика аркылуу барышкан.

Кайтарылгандардын бири АКШга 3-сентябрда Мексиканын аймагы аркылуу кирип барганын, ошондон бери камакта отурганын, чек арадан өтүү үчүн бир ай убактысы кеткенин, Кошмо Штаттарга жеткирүүнү убада кылган кишилерге 5 миң доллар төлөгөнүн айтып берди.

13-октябрда Fox News телеканалы соңку эки жылда АКШнын аймагына мыйзамсыз кирген чет өлкөлүктөр арасында Өзбекстандын жарандары үчүнчү орунда турарын Чек ара кызматынын расмий маалыматына таянып кабарлаган. Анда айтылгандай, эки жылда АКШга мыйзамсыз жолдор аркылуу кирүүгө аракет кылган өзбекстандыктар 13 624кө жеткен.

Ноябрь айынын соңунда АКШнын Өзбекстандагы элчилиги Мексика аркылуу мыйзамсыз барган өзбек жарандарын өлкөгө киргизбей турганын, алар иммиграциялык иши каралып бүткөнчө камакта кармалып турарын маалымдаган. (RK)

XS
SM
MD
LG