Министрлер кабинети мамлекеттик мекемелерде иштеген бардык кызматкерлерге көзөмөлдүк-кассалык машинанын чектерин (ККМ) чогултуп, Мамлекеттик салык кызматына өткөрүп берүү боюнча расмий тапшырма берди.
Бул маалыматты өкмөттүн басма сөз кызматы "Азаттыкка" ырастап, бул салык реформаларынын алкагында көмүскө экономикага каршы күрөшүү чараларына байланыштуу кабыл алынганын билдирди.
"Ар бир керектөөчү, анын ичинде мамлекеттик кызматкерлер товарларды сатып алууда же кызмат көрсөтүүлөрдү алууда кассалык чектерди берүүнү талап кылууга милдеттүү. Бул демилге салык тартибин чыңдоо, көмүскө экономикага каршы күрөшүү, салыктык түшүүлөрдү көбөйтүү жана адилеттүү жана ачык-айкын экономикалык чөйрөнү түзүүгө багытталган", - деп айтылат өкмөттүн маалыматында.
Мунун алдында айрым ЖМКлар мамкызматкерлерге ККМ чектерди чогултуу тапшырмасы берилгенин жазып чыгышкан. Ошол эле учурда кызматкерлер белгилүү бир суммага чек чогултушу керек экени айтылган. Жетекчилик кызматтарды ээлеген адамдар үчүн бул 15 миң сом жана андан ашык сумманы, ал эми башка кызматкерлер үчүн 10 миң сомдон жана андан ашык сумманы түзөрү белгиленген.
Кыргызстанда көзөмөл-кассалык аппараттарды киргизүү жана колдонуу маселеси өлкөнүн базарларындагы айрым соодагерлер үчүн актуалдуу жана талаштуу бойдон калууда. Базардын соодагерлери патенттик системаны калтырып бир нече жолу нааразылык акциясына чыгышкан.
Декабрдын башындагы митингдер учурунда президент Садыр Жапаров 5-декабрда Бишкектин четиндеги “Дордой” базарында иштегендер менен жолугушуп, Кыргызстанда базардагы соодагерлерге июль айына чейин патент менен иштеп турууга уруксат берилгенин айткан.
6-декабрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев "базар ээлери соодагерлерге шарт түзбөсө, ижара акыларын төмөндөтпөсө, базарларды мамлекетке өткөрүүгө саясий эрк жетиштүү" деп билдирген. (КЕ)
Дагы караңыз
Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айттыТөрт миңден ашуун адамга 800 млн сомдой пенсиянын топтомо бөлүгү берилдиТашкентте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттүСалык кызматынын Өзгөндөгү бөлүм башчысы кармалды