Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:25

Ташкентте Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү


Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара. 20-декабрь, 2023 Ташкент.
Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара. 20-декабрь, 2023 Ташкент.

Өзбекстандын баш калаасы Ташкент шаарында 20-декабрда Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара өттү.

Ага Кыргызстандын жана Өзбекстандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев, Бахтиёр Саидов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов, Өзбекстандын маданият министринин биринчи орун басары Авазхон Тажиканов, Кыргызстандын Ташкенттеги элчиси Муса Жаманбаев, дипломатиялык корпустардын өкүлдөрү, чакырылган коноктор жана мекендештер катышты.

Тажиканов кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары Өзбекстанда да көп окулган китептердин катарын толуктай тургандыгын айтып, ар убакта бардык деңгээлдеги маданий кызматташтыкка даяр экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында Кыргызстандын искусство чеберлеринин концерттик программасы тартууланды.

Буга чейин Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган иш-чара Тажикстандын баш калаасы Дүйшөмбүдө белгиленген.

Чыңгыз Айтматов 2008-жылы 10-июнда 80 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Анын сөөгү “Ата-Бейитке”, атасы Төрөкул Айтматов жана советтик репрессиянын башка курмандыктары көмүлгөн жерге коюлган.

ЮНЕСКО Айтматовду чыгармалары көп басылган классиктердин бири деп тааныган. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, көптөгөн өлкөлөрдө чоң нуска менен кайталанып басылып турат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG