Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:16

Төрт миңден ашуун адамга 800 млн сомдой пенсиянын топтомо бөлүгү берилди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку 1,5 жыл ичинде 4 миңдей адамга жалпы суммасы 800 млн сомго жакын пенсиянын топтомо бөлүгү берилди.

Бул тууралуу 20-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев депутаттардын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

"Бизге пенсиялык топтомо бөлүгү боюнча жарандар келип жатат. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. 2024-жылга 1,5 млрд акчаны төлөп берүүгө даярбыз. Акчабыз бар, азайып кетет деген коркунуч жок".

Алиевдин айтымында, пенсиянын топтомо бөлүгү иштеген жылдарга эмес, төлөгөн акчасына жараша эсептелет. Жалпы иштеген жылдардын айлыктары эсептелип, ошонун 2% топтомо бөлүк катары берилет.

Пенсиянын топтомо бөлүгү пенсияга жаңы чыккан учурда, башка мамлекетке жашаганы кетип жатканда, жүрөгүнө же онкологиялык жактан операция боло турган учурда, ипотеканын баштапкы төлөмүнө жана кредиттин өзүн да жапканга колдонууга берилет.

Буга чейин Жогорку Кеңеште пенсия көлөмүн “жашоо минимумуна” жеткирүү маселеси көтөрүлгөн. Депутат Гуля Кожокулова бул сумма бүгүнкү күндө 7 миң сомдон ашканын, ал эми пенсиясы 1900 сом болгон жарандар бар экенин айткан.

Учурда Кыргызстанда инфляция деңгээли расмий түрдө 14,7% деп аныкталганы менен талдоочулар 20-25% болуп жатканын айтууда.

Быйыл 1-октябрдан пенсия көбөйтүлүп, анын камсыздандыруу бөлүгү 38% жогорулаган.

Улуттук статистика комитетинин маалыматында, 2023-жылы Кыргызстанда пенсия курагындагылардын жашоо минимуму 6878 сом деп эсептелген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG