Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:29

Салык кызматынын Өзгөндөгү бөлүм башчысы кармалды


ИИМ тараткан сүрөт.
ИИМ тараткан сүрөт.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мамлекеттик салык кызматынын Өзгөн району боюнча башкармалыгынын бөлүм башчысы У. К. пара алууга шек саналып кармалганын билдирди.

Мааламытка караганда, шектүү 200 миң сом суммасындагы акча каражатын алып жаткан учурда 20-декабрда кармалган. Тинтүү учурунда күрмөнүн чөнтөгүнөн пара катары алынган акча табылган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча кылмыш иши козголду. ИИМдин басма сөз кызматы тараткан маалыматта шектүү "салык текшерүүнүн жыйынтыгын бурмалоо жана 700 миң сомдон ашык салык карызын жашыруу үчүн облус тургунунан акча талап кылганы" белгиленген.

Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Өткөн аптада УКМК Кара-Суу базарын тейлеген салыкчыларды акча талап кылууга шек санап кармаган. Мунун алдында салык төлөөдөн качуу фактыларына байланыштуу Бишкектеги "Орто-Сай" жана “Дордой” базарларында салык чогултууга жооптуу кызматкерлер кармалганын маалымдаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG