Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:24

Министр учурда грипптин В түрү жүрүп жатканын айтты


Алымкадыр Бейшеналиев.
Алымкадыр Бейшеналиев.

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин билдиришинче, учурда Кыргызстанда сасык тумоонун В түрү жүрүп жатат.

Бул тууралуу ал Жогорку Кеңеште, депутаттардын суроосуна жооп берип жатканда билдирди.

Бейшеналиевдин айтымында, учурда кырдаалга байланыштуу мобилдик клиникалар ачылды.

"Мурда балдардын ооруганы боюнча 1,5 миң учур катталса, азыр күнүнө 400 бала катталып жатат. Бул ковид эмес, азыркы учурда ковиддин беш эле учуру аныкталды. Бул грипптин В түрү", - деди министр.

20-декабрда Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатканын билдирген.

Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 575 адамга жеткен. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 43,4 пайызга көп.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшүнө жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жатканына байланыштырды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG