Бир аптада сасык тумоо менен кайрылгандар 11,5 миңден ашты

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда сасык тумоого чалдыккандар улам көбөйүп жатат. Бул тууралуу Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинен 20-декабрда билдиришти.

Маалыматка караганда, соңку бир аптада тумоолоп дарыгерге кайрылгандардын саны 11 миң 575 адамга жетти. Бул ага чейинки аптага салыштырганда 43,4 пайызга көп. Бирок өткөн жылдын ушул убактысына караганда төрт эсе аз экени маалыматта белгиленген.

Мунун адында Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги балдардын шаардык клиникалык тез жардам ооруканасына бейтаптардын агымын тескөө максатында 8 мобилдик госпитал орнотулганын кабарлаган.

Мекеме билдиргендей, акыркы күндөрү балдардын түрдүү оорусуна байланыштуу бейтапканага бир суткада 451 бейтап кайрылса, анын ичинен 51 бала ооруканага жаткырылган. Калганы дарыгердин кеңешин алгандан кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

Дарыгерлер сасык тумоонун көбөйүшүн аба салкындап, адамдын организминин коргонуу күчү төмөндөшү жана көпчүлүгү ооруганда жатып дарыланбай, башкаларга жугузуп жүрө бериши менен байланыштырууда. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусия Украинанын аймагына "Шахед" дрондору менен чабуул койдуТуристтик объектилерди курган ишкерлерди салыктан бошотуу маселеси каралууда ЖМК: Decathlon Орусияга жашыруун товар экспорттоп турганКыргызстанда үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды