Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:37

ЖМК: Decathlon Орусияга жашыруун товар экспорттоп турган


Франциялык фирманын Орусиядагы иштебей турган дүкөнү. Мытищи. Июнь, 2022-жыл.
Франциялык фирманын Орусиядагы иштебей турган дүкөнү. Мытищи. Июнь, 2022-жыл.

Журналисттер франциялык Decathlon фирмасынын Орусияга товар экспорттоо боюнча жашыруун схемасын аныкташты. Бул тууралуу Эл аралык француз радиосу маалымдады.

Спорт товарларын чекене сатуу менен алектенген франциялык Decathlon компаниясы Орусиядагы ишин 2022-жылы, Москва Украинага кол салгандан кийин токтоткон. Кийинчерээк фирма дүкөндөрүн жергиликтүү ишкерге саткан. Өлкөдөн чыгып кеткенин расмий маалымдаганы менен, соода гиганты Орусиядагы ишмердүүлүгүн улантуу максатында жашыруун схема түзгөнүн RFI маалымдады.

Франциялык Disclose долбоору 19-декабрда иликтөөсүн жарыялап, Орусиядан 2022-жылы расмий чыгып, ал жактагы ишин сатып кеткен Decathlon өзүнүн товарларын андан бери да жашыруун схема менен Орусияга экспорттоп келе жатканын билдирди.

Басылманын колундагы документтери жана күбөлөрү франциялык бир катар таанымал Quechua, Wedze жана Kalenji фирмаларынын Бангладеште өндүрүлгөн товарлары Орусияда сатылып жатканын аныктоого жол ачып беришкен. Ага ылайык, жашыруун схема Decathlon фирмасынын жетекчилиги, компаниянын Сингапурдагы өкүлчүлүгү жана Дубайдагы жасалма ишканасы аркылуу иштеген.

Disclose басылмасы франциялык компаниянын "жашыруун экспорту" ноябрдын башында башталып, товардын жалпы баасы 12 млн доллардын (11 млн евро) айланасында болгонун билдирүүдө.

Иликтөөчүлөр ритейлердин ички документтерине, компаниянын мурдагы кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүнө жана Орусиядагы базарларда сатылып жаткан Decathlon фирмасынын товарларына басым жасашкан.

RFI агенттиги Франс-пресске шилтеме кылып билдиргендей, Decathlon саткан товарлардын басымдуу бөлүгү франциялык Mulliez компаниясына таандык. Мюльез бизнес-империясынын өкүлдөрү Франциядагы эң бай адамдардын катарына кирет жана Auchan (Ашан), Leroy Merlin дүкөндөрүн көзөмөлдөйт. Auchan дүкөндөрү Орусияда азыркы күнгө чейин иштеп жатат. Бул соода тармагынын 10% Орусиянын базарында.

2022-жылы марттын аягында Decathlon Орусиядагы дүкөндөрүн жапканын, онлайн соодасын да токтотконун жарыялаган. 2023-жылдын башында компания Орусиядагы активдерине кардар издей баштаган.

21-июлда Орусиянын соода өнөр жай министринин орун басары Виктор Евтухов Decathlon компаниясынын мүлкүн сатуу келишимин "чет өлкөлүк инвестицияларды көзөмөлдөөчү атайын өкмөттүк комиссия" жактырганын билдирген. Ал учурда франциялык фирманын Орусиядагы 35 дүкөнү жана кампасы сатылган. Декатлондун Орусиядагы бизнесине кийим саткан АРМ ишканасы ээлик кылып калган.

Быйыл ноябрда франциялык компаниянын сатылып кеткен дүкөндөрү Desport деген аталыш менен ачылып, анда Decathlon брендинин товарлары сатыла баштаган.

Decathlon компаниясы "Орусияда дүкөндөрү жана кызматкерлери жок экенин, бул өлкөдө иштеп жаткан компанияларда үлүшү жоктугун" Франс-пресс агенттигине билдирген. Фирма ошондой эле "үчүнчү тараптар аркылуу Орусиянын аймагында товарлары сатылышын токтотууга да болгон күчүн жумшамакчы".

Орусия Украинага 2022-жылы, 24-февралда кол салган. Көп өтпөй дээрлик бардык дүйнөлүк таанымал компаниялар Орусиядагы ишин токтотконун жарыялашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG