Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:26

Орусия Украинанын аймагына "Шахед" дрондору менен чабуул койду


"Шахед" дрону
"Шахед" дрону

Орусия шаршембиге караган түнү Украинанын аймагына кайрадан дрондор менен чабуул койду. Украинанын куралдуу күчтөрү 19 “Шахед” дрону учурулганын, аскерлер анын 18ин Днепропетровск, Киев, Одесса, Чернигов жана башка облустардын үстүнөн атып түшүргөнүн билдирди. Маалыматка караганда, учкучсуз учактар аннексияланган Крым жарым аралынан учурулган.

Киевдин аскердик администрациясынын башчысы Сергей Попко башкалаада кыйроолор жана жапа чеккендер болбогонун Телеграм-каналга жазды.

Ошондой эле орус армиясы Харьков аймагына Белгород тараптан эки ракета менен сокку урганы кабарланды. Алгачкы маалыматтарга ылайык, жабыркагандар жок. Харьков шаарынын мэри Игорь Тереховдун айтымында, дүрмөттөр “транспорт депосуна тийди”, ал жердин “таш-талканы чыкты”. Мэр депо жарандык объект экенин белгиледи.

Аскердик жайларды гана бутага алганын айтып келаткан Орусиянын Коргоо министрлиги бул чабуулдарды комментарийлеген жок.

Бир күн мурда жыл жыйынтыгы боюнча маалымат жыйында украин президенти Владимир Зеленский АКШнын аскердик жардамы уланат деп ишенерин билдирген. Андан көп узабай америкалык сенаторлор Киевге кошумча жардам берүү маселесин эмки жылдын башында гана добушка салары маалым болду.

6-декабрда Сенат Украинага 61 млрд доллар аскердик жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон. Мыйзам чыгаруучулар адегенде Мексика менен чек араны бекемдөөгө көбүрөөк каражат бөлүүнү талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG