Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:41

Кыргызстанда үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ишке берилип, 77 миңден ашуун жаңы жумуш орундары түзүлдү. Бул тууралуу экомика министри Данияр Амангелдиев 20-декабрдагы маалымат жыйында билдирди. Министрдин айтымында, соңку беш жылда Кыргызстандын өнөр жай өнүмүнүн көлөмү 1,7 эсеге өскөн. Инвестициялык портфель дээрлик 1 млрд долларды түзгөн.

"Жаңы өнөр жай объектилери жеңил өнөр жай, энергетика, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, курулуш материалдарын жана фармацевтикалык каражаттарды өндүрүү тармагында ачылды", - деди министр.

Маалыматка караганда, 2023-жылдын 11 айында экономиканын өсүү темпи 1,8% түзүп, өнөр жай продукциясынын көлөмү 428,2 млрд сомго жетти.

Министр 2022-жылы жумушсуздук деңгээли 5,3% түзүп, мурдагы жылга салыштырмалуу 1,7% төмөндөгөнүн айтты.

Эмгек, миграция жана социалдык камсыздоо министрлигинин быйыл августта берген маалыматы боюнча, Кыргызстанда 12 465 бош жумуш оруну бар.

Эл аралык республикалык институт (IRI) Кыргызстандын социалдык абалы тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүндө кыргызстандыктар (29%) эң олуттуу көйгөй катары жумушсуздукту белгилешкен. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG