Туристтик объектилерди курган ишкерлерди салыктан бошотуу маселеси каралууда

Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика министри Данияр Амангелдиев Кыргызстанда туристтик объектилерди, мейманкана курган ишкерлерди 5 жылга салыктан бошотуу каралып жатканын билдирди. Мындан сырткары аларга "артыкчылыктуу мамлекеттик долбоор" макамы берилип, бажы төлөмдөрүнөн дагы бошотуу аракети көрүлүп жатканын айтты.

"2023-жылдын туристтик мезгилинин жыйынтыгында Кыргызстандын инфратүзүмү даяр эместигин байкадык. Быйыл туристтердин агымы чоң болду. Демек, биздин өлкөгө суроо-талап жогору. Бул тармак Кыргызстандын туристтик мүмкүнчүлүгү өлкөнүн экономикасына 20% чейин салым кошууга жөндөмдүү тармактардын бири.", - деди Амангелдиев.

Буга чейин Туризм департаменти быйыл тогуз айда Кыргызстанга 6 млн турист келгенин билдирген.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматы боюнча, быйыл жайкы сезондо көлдө 1,3 миллиондой киши эс алды.

Негизинен Кыргызстанга туристтер Ысык-Көл облусуна келет. Аймакта 1127 эс алуу жайы бар, алардын 852си Ысык-Көл районунда жайгашкан. (КЕ)

Дагы караңыз

ЖМК: Decathlon Орусияга жашыруун товар экспорттоп турганКыргызстанда үч жылда 60 өнөр жай ишканасы ачылды Бишкек-Ош каттамы: Өзгөндү айланып өткөн жол курулатЭкс-депутат Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узарды