Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:05

Экс-депутат Бакчиевдин камактагы мөөнөтү узарды


Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.
Жаныбек Бакчиев. Архивдик сүрөт.

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Жаныбек Бакчиевдин камактагы мөөнөтүн 23-февралга чейин узартты. Мындай чечим 19-декабрда чыкканын “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы билдирди. Ал ушул тапта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагында кармалууда.

Атайын кызмат Жаныбек Бакчиевди октябрь айында кармаган. Биринчи Май райондук соту ага Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен айып тагылганын кабарлаган.

УКМК анын иши тууралуу маалымат бере элек.

56 жаштагы Жаныбек Бакчиев Жогорку Кеңештин VI чакырылышында “Бир Бол” фракциясынан депутат болгон. Ага чейин Мамлекеттик каттоо кызматын 2009-жылы жана экинчи жолу 2011-жылдын январь айынан 2011-жылдын декабрь айына чейин башкарган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG