Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Бишкек-Ош каттамы: Өзгөндү айланып өткөн жол курулат


Бишкек-Ош магистралында Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол курулат. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун маалымат кызматы 20-декабрда кабарлады.

"Өзгөн шаарынын айланасында айланма автожол куруу жана тейлөө боюнча
мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке ашыруу жөнүндө” жарлыкта Бишкек-Ош жолунун Өзгөн шаары аркылуу өтүүчү тилкесинде жол кыймылынын көптүгүнөн улам, айланма жол куруу зарылдыгы келип чыкканы белгиленген.

Жарлыкта Инвестиция агенттигине жол куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн зарыл документтерди тез арада даярдап, Министрлер кабинетинин кароосуна киргизүү тууралуу жазылган. Министрлер кабинети 2024-жылдын 30-январына чейинки мөөнөттө маселени чечүү боюнча тиешелүү чараларды көрүүгө милдеттендирилди.

Бишкек-Ош магистралынын 600-чакырымындагы тилкесин Өзгөн шаарын айланма кылып өзгөртүү сунушу көп жылдан бери айтылып, ишке ашпай келген.

Өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн байланыштырган стратегиялык Бишкек-Ош жолунун узундугу 700 чакырымга созулат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG