Бажыда дагы тогуз кызматкердин Көлбаев-Матраимовго байланышы иликтенүүдө

Мамлекеттик бажы кызматынын имараты.

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Улан Кимсанов бажыда Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) менен Райымбек Матраимовго байланышы бар делген дагы 9 адам боюнча кызматтык териштирүү жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу ал 19-декабрда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетинин жыйынында айтты. Улан Кимсанов депутат Русланбек Жакышовдун бажыдан түшкөн кирешенин көбөйүшү тууралуу суроосуна жооп берип жатып, муну мекемедеги коррупциялык иштердин жоюлушу менен байланыштырды.

“Менин пикиримде биринчиден, саясий коррупция жок кылынды. Азыркы жетишкендиктерге мурда жете албаганыбыздын негизги себеби ушул”, - деди Улан Кимсанов.

Финансы министрлигинин маалыматы боюнча, быйыл Мамлекеттик бажы кызматынын салыктык кирешелери 110 млрд сом болду.

11-декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчы Көлбаев менен Райымбек Матраимовдун “мафиясына” байланышы бар 180ден ашуун киши мамлекеттик кызматтардан алынганын билдирген. Анын ичинен 76 адам Мамлекеттик бажы кызматынан кеткен. Алардын аты-жөнү жана буга чейин ээлеген кызматы тууралуу маалымат бериле элек.

Кыргызстанда “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев 4-октябрда Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн.

2021-жылы Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Райымбек Матраимовду коррупцияга айыптап иш козгоп, ал 2016-жылдын башында бажыдагы башка аткаминерлер менен көмүскө коррупциялык схема түзгөнүн билдирген. Сот аны күнөөлүү деп таап, 260 миң сомдук айып пул чегерген.

Райымбек Матраимов өзү да күнөөсүн мойнуна алып, мамлекетке 2 миллиард сом төгүп берген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптаган. (BTo)

Дагы караңыз

Газада Израилдин чабуулунан 20 адамдын өмүрү кыйылганы кабарландыТокторбаев: ТикТокту бөгөттөөгө техникалык мүмкүнчүлүктөр барСербияда шайлоонун жыйынтыгына каршы акция өттүБУУда Газадагы кырдаал боюнча резолюция каралат2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом бөлүнөт“M-Vector”: “Азаттык” интернетте эң көп окулган жана көрүлгөн медиа