Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:47

БУУда Газадагы кырдаал боюнча резолюция каралат


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторундагы жай тургундардын каза болушуна жана ооруканалардын талкаланышына байланыштуу 18-декабрда Израил бийлигине карата эл аралык коомчулуктун басымы күчөдү. 19-декабрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинде жаңы резолюция боюнча добуш берүү болгону жатат. Бул резолюцияда «согуштук аракеттерди тез арада токтотууга» чакырык камтылат.

БУУнун маалыматына караганда, азыркы тапта Газа секторунда ооруканалардын үчтөн биринен да азыраагы жарым-жартылай иштеп жатат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 17-декабрда израилдик аскерлерди Газадагы эки ооруканада тузүлгөн кырдаал үчүн айыптады. Уюмдун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус Израилдин ХАМАСка (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) каршы көп күндүк операция жүргүзгөн Камал Адван ооруканасындагы кейиштүү абал тууралуу маселе көтөрдү.

Израил бул оорукананы бир нече күнгө созулган операциясынан кийин жекшемби күнү бошоткон жана ал жерди ХАМАС башкаруу, көзөмөл борбору катары колдонуп келгенин маалымдаган.

Өлкөнүн премьер-министри Биньямин Нетаньяху жекшемби күнү күрөш аягына чейин уланарын, негизги максат ХАМАСты жок кылуу экенин, барымтадагылардын баары бошотуларын, Газа сектору «терроризмдин борбору» болбой турганын дагы бир жолу убада кылды.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын маалымдаган.

Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, ХАМАС башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG