Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:46

Газада Израилдин чабуулунан 20 адамдын өмүрү кыйылганы кабарланды


Газа сектору.
Газа сектору.

Газа секторунун түштүк тилкесиндеги Рафах районунда израилдик ракеталардын чабуулунан үч үй талкаланып, кеминде 20 палестиналыктын өмүрү кыйылганын 19-декабрда ХАМАС (АКШ менен Евробиримдик террордук уюм деп тааныган) башкарып келген Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди. Израил тарап бул боюнча расмий маалымат тарата элек.

Израилдин бомбалоосунан качып барган он миңдеген палестиналык Газанын Египет менен чек арасындагы Рафахта топтолуп турат.

Газа секторунун түштүгүндөгү дагы бир шаар Хан-Юнистин тургундары ХАМАСтын согушкерлери менен израилдик аскерлердин ортосунда айыгышкан атышуу жүрүп жатканын кабарлады.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму 17-декабрда израилдик аскерлерди Газадагы эки ооруканада тузүлгөн кырдаал үчүн айыптаган. Израил бул оорукананы бир нече күнгө созулган операциясынан кийин жекшемби күнү бошоткон жана ал жерди ХАМАС башкаруу, көзөмөл борбору катары колдонуп келгенин маалымдаган.

Израил ХАМАСтын 7-октябрдагы кол салуусунан 1 200 киши набыт болгонун, 240 чакты киши барымтага алынганын, Газа тилкесинде жер операциясы башталгандан бери 100дөн ашуун аскери окко учканын билдирген.

Жөөт армиясынын аскердик операциясынан бери, Газадагы Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, дээрлик 19 миңдей адамдын, негизинен аялдардын жана балдардын өмүрү кыйылды. (RK)

XS
SM
MD
LG