Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:29

2024-жылы мамлекеттик карызды төлөөгө 66 млрд сом бөлүнөт


Алмаз Бакетаев.
Алмаз Бакетаев.

2024-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызын төлөөгө 66 млрд сомдун тегерегинде каражат жумшоо каралууда. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 19-декабрда маалымат жыйында билдирди. Анын айтымында, 2023-жылы карызды төлөөгө 53 млрд сом бөлүү пландалган. Бүгүнкү күндө анын 49 млрд сому төлөнгөн.

"Эмки жылдын бюджети негизинен экономикага багытталат. Эң чоң тармак - энергетика. Бул тармакка 55 млрд каражат караштырып жатабыз. Мындан тышкары мамлекеттик уюмдарды капиталдаштыруу жана бюджеттик насыяларды берүү жагы да бар. Эң негизгиси, эмки жылдан баштап эч каяктан карыз албай, өзүбүздүн киреше булактарыбыздан мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат жумшап жатабыз", - деди министр.

Бакетаев илим, маданият тармагында иштегендердин айлыгын көтөрүү, жөлөк пулду жогорулатуу боюнча маселе каралып, булактар аныкталарын кошумчалады. Мындан сырткары ал келерки жылы жол, мектеп куруу, ирригация боюнча иштер улантыларын айтты.

Жогорку Кеңеш 14-декабрдагы жыйынында мамлекеттик бюджеттин 2023-жылдагы аткарылышын жактырган. Бюджеттин кирешеси 352 млрд 807 млн сом, чыгашасы 361 млрд 795 млн сом болду. Тартыштык 8 млрд 987 млн сом.

Парламент ушул эле күнү 2024-жылдын бюджетин бекиткен. Министрлер кабинетинин эсебинде, кийинки жылы киреше 378 млрд 437 млн сом болуп, чыгаша 367 млрд 500 млн сомго жетет. Республикалык бюджеттин профицити 10 млрд 900 млн сом болот деп бекитилген.

Профицит – бюджеттин кирешеси чыгашасынан көп болгондогу көрсөткүч. (КЕ)

XS
SM
MD
LG