Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:28

Сербияда шайлоонун жыйынтыгына каршы акция өттү


Белград. 2023-жылдын 18-декабры.
Белград. 2023-жылдын 18-декабры.

Сербияда оппозициянын тарапкерлери парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыгын билдирип, 18-декабрдын кечинде акцияга чыгышты. Белградда өткөн митингде шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабы коюлду.

Батышчыл көз карашты карманган оппозициялык "Сербия зомбулукка каршы" блогунун эки өкүлү Мирослав Алексич жана Мариника Тепич ачкачылык жарыялап, талаптары аткарылмайынча акциясын токтотпой турганын билдиришти.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун балкан кызматынын маалыматына караганда, оппозиция Республикалык шайлоо комиссиясына кайрылып, шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгаруу талабын коюшту. Алардын пикиринде, «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» жетектеген башкаруучу коалиция жеңишке добуштарды бурмалоонун натыйжасында жетишти.

Шайлоо комиссиясынын алдына оппозициялык блоктун миңдеген тарапкери чогулду.

Демонстранттар "Жеңишибизди тарттырбайбыз!", "Уурулар!" деген жазууларды кармап турушту, айрымдары имаратты көздөй жумуртка, помидор жана даарат кагазын ыргытышты.

"Мыйзамдуу каттоосу жок 40 миңден ашуун адамды бийликтин партиясын колдоо үчүн атайын уюштуруп, Белградга ташып барышты. Бул жагдай белграддыктардын жалпы чыныгы пикиринин бурмаланышына алып келди. Белград боюнча добуш берүүнүн жыйынтыгын жокко чыгарууну талап кылабыз", – деп айтылды оппозициянын билдирүүсүндө.

Соңку маалымат боюнча, 17-декабрда өткөн кезексиз парламенттик шайлоодо башкаруучу коалицияны жетектеген «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» добуштардын 39,3% (49 мандат), ал эми "Сербия зомбулукка каршы" 34,3% (42 мандат) ээ болушту.

Өлкө президенти Александр Вучич «Сербиянын прогрессивдүү партиясы» шайлоону жеңгенин, күмөн санап жаткандар утулгандар экенин айтты. Бул партия "Александр Вучич – Сербия токтобошу керек" блогундагы негизги күч. Вучич аны 2014-жылдан тартып 2023-жылдын майына чейин жетектеген.

Серб парламентинин депутаттары төрт жылдык мөөнөткө шайланат. Вучич шайланганына эки жыл боло элек 250 орундуу парламентти быйыл 1-ноябрда тараткан. Буга май айында жалпы 19 кишинин өмүрүн алган, ок атуу коштолгон эки окуядан кийин бийликке басымдын күчөгөнү себеп болгон. 3-майда Белграддагы мектептердин биринде 13 жаштагы окуучу кеминде сегиз классташын атып өлтүргөн. Андан бир күндөн кийин Белграддын түштүгүндөгү айылдардын биринде 21 жаштагы жигит автоунаасынан жергиликтүү тургундарга ок жаадырган. Бул окуялар Вучич баштаган лидерлердин отставкасын талап кылган акцияларга жол ачкан. (RK)

XS
SM
MD
LG