Кулубаев бош орундар үчүн ат салышкандардын 60% тил сынагынан өтпөгөнүн айтты

Жээнбек Кулубаев.

Тышкы иштер министри (ТИМ) Жээнбек Кулубаев быйыл министрликтеги 12 кызмат орунуна сынак жарыяланып, ага катышкан 260 кишинин ичинен эң көп балл алган 14ү өткөнүн билдирди. Сынакта жакшы жыйынтык көрсөткөн дагы 10 адам жумушка алынып, министрликке жалпы 22 киши кызматка кирген.

Бул тууралуу Кулубаев парламенттин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин 18-декабрдагы жыйынында айтып, 260 адамдын 60% кыргыз тилин билбегени үчүн сынактан кулап калганын кошумчалады.

“Сынакта баары тең англис, француз, араб тилдеринен жакшы беришти. Кыргыз тилине келгенде жазганынан же сүйлөгөнүнөн маселе бар. Биздин мыйзамдар боюнча кыргыз тилин билбегендер сынактан өтпөйт да”, - деди Жээнбек Кулубаев.

Жогорку Кеңештин комитетинде Тышкы иштер министрлигине тааныш-билиштер кызматка алынып жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

“Мамлекеттик тил жөнүндө” конституциялык мыйзамга ылайык, мамлекеттик мекемелерде иш кагаздар милдеттүү түрдө кыргыз тилинде жүргүзүлүүгө тийиш. Эл алдындагы расмий иш-чаралар да мамлекеттик тилде өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шайлоо, референдумга даярдык, аны өткөрүү, соттук өндүрүштөр, сот жараяндары, куралдуу күчтөрдүн, укук коргоо органдарынын иши кыргыз тилинде болот. Эл аралык келишимдерди түзүү, ченемдик актыларды иштеп чыгуу, документтерди жүргүзүү, менчик жана мамлекеттик мекемелердин аталыштары, географиялык аталыштар, товардык белгилер, фирма, компаниялардын аталыштары да мамлекеттик тилде болушу кажет.

Мыйзамдын 32-беренесинде мамлекеттик тилди билүүгө тийиш болгон, ошондой эле аны кызматтык милдеттерин аткарууда пайдаланууга милдеттүү кызматкерлердин тизмеси аныкталган. Ага депутаттар, Улуттук банктын, күч органдарынын кызматкерлери, соттор, прокурорлор, адвокаттар, нотариустар, билим берүү мекемелеринин кызматкерлери, дарыгерлер жана башкалар киргизилген. (BTo)

Дагы караңыз

Сербияда парламенттик шайлоону бийликтеги коалиция жеңдиАвтоунааларды милдеттүү камсыздандыруу 2025-жылга калдыЧет элдик 1141 жаран Кыргызстандан башпаанек сурап кайрылдыБУУда Газадагы кырдаал боюнча резолюция каралатМосквада 20 жаштагы кыргыз жараны чатырдан кулап каза тапты Жыл башынан бери 464 жаранга "кайрылман" макамы берилдиОмбудсмендин өкүлдөрү абактагы активисттер Жоробеков, Аспековдон кабар алды