Кыргызстандан баш паанек сурап кайрылгандардын саны 1141 адамды түзөт. Алардын басымдуу бөлүгү Ооганстандан келген. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин башкармалыгынын башчысы Жыпара Мамбетова 18-декабрдагы брифинг учурунда билдирди. Анын айтымында, 138 адамга качкын макамы берилген.
Быйыл жайында Бишкекте кармалган эки орусиялык активист башпаанек сурап кайрылган. "Адилет" укуктук клиникасынын юристи Марат Кыдыров активисттер Алена Крылова менен Лев Скорякиндин өтүнүчтөрү Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине расмий тапшырылганын "Азаттыкка" билдирген. Укук коргоочулардын айтымында, ал сентябрь айында камактан чыгарылган. Москвада сот 13-декабрда “Солчул блок” кыймылынын активисти Лев Скорякинге Федералдык коопсуздук кызматынын алдындагы акциясы үчүн 500 миң рубль айып пул салганы белгилүү болгон. Бирок убактылуу кармоочу жайда отурган күндөрү үчүн аны төлөтпөгөнүн "ОВД-Инфо" Скорякиндин адвокатына шилтеме жасап жазган. Активист сот залынан бошотулган. Крылова июндан бери Бишкектеги №1 тергөө абагында отурат.
Аталган министрлик аты аталган активисттердин кайрылуусу тууралуу айткан жок.
Былтыр августта Бишкекте 10-августта ондон ашык ооган качкыны Горький атындагы гүлбакта нааразылык акциясына чыгып, АКШ же Канадага жөнөтүүнү талап кылышкан. Алар Кыргызстанда узак убакыттан бери жашап жатса да, башпаанек ала албай жатканын билдиришкен. (КЕ)