Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:06

Москвада 20 жаштагы кыргыз жараны чатырдан кулап каза тапты


Иллюстрация
Иллюстрация

16-декабрда Москва шаарындагы көп кабаттуу имараттардын биринин чатырында кар күрөп жаткан 20 жаштагы кыргызстандык кулап кетип набыт болгон. Баштапкы маалыматтарга караганда, маркумда коопсуздук куру болгон эмес.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинин басма сөз катчысы Назгүл Жусубакунова "Азаттыкка" мигранттын өлүмүн ырастап, сөөктү Кыргызстанга жеткирүү маселеси чечилип жатканын айтты.

"Бул окуя боюнча тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. Орусиянын компетенттүү органдары тарабынан кылмыш иши козголуп, укуктук баа берилет. Дүйшөмбү күнү маркумдун сөөгүн мекенибизге жөнөтүү пландалып жатат. Аталган маселе элчиликтин көзөмөлүндө", - деп билдирди Жусубакунова.

Орусияда жашап-иштеген кыргызстандык мигранттар иш мезгилинде түрдүү кырсыкка кабылган учурлар буга чейин да болгон.

Расмий маалыматтарга ылайык, 2023-жылдын башынан бери чет өлкөлөрдөн мекенине 530 кыргызстандыктын сөөгү алып келинди. Алардын басымдуу бөлүгү Орусиядан, калгандары Түштүк Кореядан, Түркиядан, Казакстандан келген Бул үчүн мамлекеттен 57 млн 610 миң сом бөлүнгөн.

Тышкы иштер министрлиги 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү алып келингенин кабарлаган.

Расмий эсепте азыр Кыргызстандын 800 миң жараны чет өлкөлөрдө эмгек мигранты болуп жүрөт. Бейрасмий маалыматтарда чет жактагы мигранттар 1 миллиондон ашат. Алардын көбү Орусияда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG