Бишкекте Чүй көчөсүнөн бир нече маршруттук каттам алынды

Бишкек. Чүй проспектиси.

Бишкекте 18-декабрдан баштап Чүй проспектисинин Султан Ибраимов көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейин каттаган маршруттук таксилер Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрүнө которулду.

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин маалыматы боюнча, бул чечим маршруттук схемаларды оптималдаштырууга байланыштуу кабыл алынды.

Бишкекте коомдук транспорт жана жол тыгыны - негизги көйгөйлөрдүн бири. Бийлик менен шаардык мэрия тыгындарды азайтуу үчүн маршруттук каттамдарды автобустарга алмаштырып, жаңы жолдордо салуу ниетин билдирип келет.

Мындан ары №172, №169, №225, №163, №220, №203, №215, №136, №137, №104. , № 164, № 222, № 135, № 192, № 166, № 258, № 243, № 138, № 176, № 199, № 179, № 260, № 211, № 185, № 250, № 254, № 285, № 111, № 216, № 134, № 202, № 208, № 227, № 143, № 129 жана № 240 кичи автобустар Киев, Токтогул, Фрунзе көчөлөрү менен каттайт. (BTo)

Дагы караңыз

Ташиев Жапаров кийинки президенттик шайлоого катышарын ишарат кылдыОрунтаев: Үй курууга уруксат кагаз берүү тартиби өзгөрөтСадыр Жапаров басма сөз жыйынын эмнеге өткөрбөй жатканын айттыЖК депутаты ымыркайларды таштап кетүүнү алдын алуу үчүн жашыруун төрөттү сунуштады Орунтаев: "Батуми" кафесине мэриядан башка жер берилгенБишкекте дагы бир нече жолдун багыты өзгөртүлөт Бишкекте ондон ашуун мектепке, төрт университетке бомба коюлганы тууралуу маалымат тарады