Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:59

ЖК депутаты ымыркайларды таштап кетүүнү алдын алуу үчүн жашыруун төрөттү сунуштады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Садырбаева жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кетүүнү алдын алуу максатында жашыруун төрөткө шарт түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу мыйзамдын долбоору коомдун талкуусуна чыгарылды. Мыйзам ооруканалардан башка жерлердеги кооптуу төрөттөрдүн санын азайтуу жана жаңы төрөлгөн ымыркайларды бөлөк адамдарга таштап кеткен энелерге альтернатива берүүнү көздөй турганы маалымкат-негиздемеде көрсөтүлгөн.

"Жашыруун төрөттүн алкагында эне атайын мекемеде төрөп, өзүнүн инсандыгын жана аты-жөнүн үчүнчү жактарга, анын ичинде төрөт процессине катышкан дарыгерлерге жана медициналык кызматкерлерге билдирбестен, конфиденциалдуу бойдон калуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот... Бул учурда энеге да, ымыркайга да квалификациялуу медициналык жардам көрсөтүлөт, бул үйдөгү төрөт учурунда көп кездешүүчү ар кандай кыйынчылыктардын алдын алууга өбөлгө түзөт... Жалпысынан, жаңы төрөлгөн ымыркайларды таштап кетүүнүн алдын алуу бардык балдар үчүн коопсуз жана колдоого алуучу чөйрөнү түзүү үчүн мамлекеттин, коомчулуктун жана үй-бүлөнүн биргелешкен күч-аракетин талап кылат", - деп белгилеген депутат.

Пландаштырылбаган төрөт учурунда эненин жеке маалыматтарын коргоо жана анын купуялуулугун сактоо мыйзам менен белгиленет жана эне жаңы төрөлгөн ымыркайды баланы багуу жана андан ары асырап алуу процесси үчүн атайын дайындалган мекемеге калтыра алат.

Быйыл ноябрь айында эле Кыргызстанда жаңы төрөлгөн ымыркайлар көчөгө ташталган үч окуя болду.

8-ноябрда Бишкекте таштандыга ыргытылган ымыркай табылып, ооруканага жеткирилген.19-ноябрда Бишкектин четиндеги жаңы конуштардын биринде көчөгө калтырылган ымыркайды милиция кызматкерлери төрөт үйүнө алып барган. 20-ноябрда Жалал-Абадда таштанды челектен жаңы төрөлгөн кыз табылган. Үч ымыркайдын энелери табылып, кылмыш иши козголгон.

Бул окуялардан кийин коомчулукта төрөп, багууну каалабаган энелер үчүн ымыркайларын калтыруучу атайын жайларды ачуу зарылдыгы тууралуу маселе көтөрүлгөн. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кыргызстан азырынча ага даяр эмес экенин айткан.

Кыргызстанда жыл башынан бери 14 ымыркай ташталганын социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева 8-декабрда Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG