Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:12

Бишкекте ондон ашуун мектепке, төрт университетке бомба коюлганы тууралуу маалымат тарады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Борбор калаадагы №20, 31, 33, 40, 44, 55, 67, 69, 72, 89 орто мектептерге, "Илим", Kings International School, "Келечек MIT" , ERUDITE ISIT, "Точка роста" деген аталыштардагы жеке мектептерге, кыргыз-орус славян университетине, Жусуп Баласагын атындагы улуттук университетке, Бишкек гуманитардык университетине жана Ала-Тоо эл аралык университетине жардыргыч зат коюлганы тууралуу маалыматтар соцтармактарга тарады.

Мындан улам бардык билим берүүчү мекемелердин окуучулары, мугалимдери жана башка кызматкерлери эвакуацияланды. Милиция азырынча бул маалыматтардын айрымдарын гана ырастап, издөө иштери жүрүп жатканын кабарлоодо.

Өткөн аптада да бир катар билим берүүчү мекемелерде, соода борборлорунда, сот имараттарында, ооруканаларда жардыргыч зат коюлганы кабарланып, бирок тастыкталган эмес.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) мындай жалган маалымат таратууга шектелип, бир нече адам кармалганын кабарлаган. Арасында мектеп окуучулары да бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG