Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:20

Орунтаев: "Батуми" кафесине мэриядан башка жер берилген


Нурдан Орунтаев
Нурдан Орунтаев

"Батуми" кафесине башка жерден орун берилген. Бул тууралуу 18-декабрда Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай, коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Нурдан Орунтаев журналисттерге билдирди.

"Бул маселе чечилген жана жайгашкан жери алынгандан кийин башка жерди Бишкек мэриясы бөлүп берген. Азыр эч кандай дооматтар жок", - деди Орунтаев.

Вице-мэр болуп турган учурда Нурдан Орунтаев баштаган Бишкек мэриясынын аткаминерлери шаардын Жал кичирайонунда жайгашкан "Батуми" ресторанын курулуш ченемдерин сактабаганы үчүн 24-майда бузуп кеткен. Анын ээси Кадича Бечелова экскаватордун алдына туруп жер тилкесин сатып алганын, кафени мыйзамдуу салганын айтып, президент Садыр Жапаровго кайрылган.

Бул коомчулукта кайчы пикирлерди жаратып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев объекттин ээлери менен жолугуп кайткан. Андан кийин атайын кызмат вице-мэр Нурдан Орунтаевге жана башка кызмат адамдарына Кылмыш-жаза кодексинин “Башка бирөөнүн мүлкүн жок кылуу же бузуу” жана “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” деген эки беренесинин негизинде кылмыш ишин козгогон. Орунтаев УКМКга сурак берип чыккан.

Атайын кызмат тергөө учурунда Нурдан Орунтаев жабыркаган тараптын чыгымын төлөп берүү милдетин алганы, ошондуктан тергөөчүлөр чакырганда барып туруу убадасы менен коё берилгени, териштирүү уланып жатканын маалымдаган. Келтирилген чыгым 3 миллион сом экени кабарланган.

“Азаттыкка” ага чейин берген комментарийинде вице-мэр Нурдан Орунтаев “кафе ээси менен ижаранын мөөнөтү бүткөнүн, мэриянын иши мыйзамдуу экенин айткан”. Ал ошондой эле “жеңил конструкция курулушу керек болгон жерге ишкер капиталдык курулуш салып алганын айтып, аны бузууга он күн убакыт берилгенине карабай талапты аткарбай коюшканын” билдирген. (KS).

XS
SM
MD
LG