Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

Бишкекте дагы бир нече жолдун багыты өзгөртүлөт


Бишкектеги бир багыттуу жолдордун бири. Декабрь, 2023-жыл.
Бишкектеги бир багыттуу жолдордун бири. Декабрь, 2023-жыл.

Борбор калаадагы көчөлөрдө жол тыгынын азайтуу жана кыймылды тескөө максатында дагы бир нече көчөдөгү унаа кыймылы бир багыттуу болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.

- Турусбеков жана Калык Акиев көчөлөрү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй;

-Үмөталиев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй;

-Тыныстанов көчөсү Фрунзе көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй;

-Раззаков көчөсү Киев көчөсүнөн Москва көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй;

-Орозбеков көчөсү Москва көчөсүнөн Киев көчөсүнө чейин түштүктөн түндүктү көздөй;

-Гоголь көчөсү Москва көчөсүнөн Жумабек көчөсүнө чейин түндүктөн түштүктү көздөй,

-Сүйүнбаев көчөсү Москва көчөсүнөн Жибек Жолу проспектине чейин түштүктөн түндүктү көздөй бир багыттуу болот.

Өзгөрүүлөр жаңы жылдын 8-январынан тарта ишке кирет.

Бишкекте учурда Бөкөнбаев, Москва, Токтогул, Киев, Логвиненко жана Тоголок Молдо көчөлөрүндөгү жол кыймылы бир багыттуу.

Бишкекте автоунаалар көбөйгөнүнө байланыштуу күчөгөн жол тыгынын азайтуу үчүн акылдуу жол чырактарды ишке киргизүү, муниципалдык коомдук транспорт жүргүзүү, унааларды токтотуучу жайларды куруу маселелери каралып жатканын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы (ЖКККБ) билдирген. ЖКККБнын маалымдашынча, учурда борбор калаада автомашиналар жарым миллионго жетти. (ZKo)

XS
SM
MD
LG