Бишкектеги “Ош” базары көчүрүлүп, ордуна парк салынары айтылды

Бишкек шаарындагы “Ош” базары.

16-декабрда президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайда 2024-жылы Бишкектеги “Ош” базары “Манас” эл аралык аэропортуна бараткан жолго көчүрүлүп, базардын ордуна парк салынарын айтты. Андан тышкары Батыш автобекети да шаардын сыртына чыгарыларын билдирди.

Бишкектин мурдагы мэри Эмилбек Абдыкадыров калаадагы “Ош” базары Фучик көчөсүндөгү айланма жолго жакын жерге көчүрүлөрүн кабарлаган.

“Ош” базары буга чейин үч-төрт жолу өрттөнгөн. Андан жабыркагандар “базарды көчүрүү максатында атайын уюштурулду” деген божомолдорун айтышкан. Ички иштер министрлиги (ИИМ) ошол кезде “Ош” базарындагы өрткө байланыштуу бир нече версия каралып жатканын, ал атайылап өрттөлгөн болушу да мүмкүн экенин маалымдаган.

Бийлик борбор калаанын ичиндеги чоң-чоң базарлар, автобекеттер шаардын сыртына чыгарылса автоунаа тыгындары азая турганын билдирип келет. Жолдогу тыгынга байланыштуу базардын тегерек-четин тазалоо иштери буга чейин да жүргүзүлүп, көп жыйынтык берген эмес. (BTo)

Дагы караңыз

Садыр Жапаров тууга өзгөртүү киргизүү идеясы ага таандык экенин айттыПрезидент Сокулук, Ысык-Атанын айрым аймактары Бишкекке кошуларын айттыСадыр Жапаров элди шайлоолорго активдүү катышууга чакырдыАктивист Адилет Балтабай Бишкектеги №1 тергөө абагына камалды“Умтулуу-2023” медиа сыйлыгы тапшырылдыЖапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салдыУкраина патриарх Кириллге издөө жарыяладыКурултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү сунушу айтылдыБишкекте cуу ташкынынан кийин “Бишкексуучарбанын” жетекчиси кызматтан алынды