Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:50

Садыр Жапаров тууга өзгөртүү киргизүү идеясы ага таандык экенин айтты


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайдын жыйынында мамлекеттик тууга өзгөртүү демилгеси ага таандык экенин билдирди.

Ал президенттик кызматтагы үч жыл ичинде эки тараптуу жолугушууларга жана ар кандай саммиттерге катышуу үчүн 30дан ашык өлкөлөргө барганын, айрым жолугушууларда “силер чемичке өндүрүп май чыгарасыңарбы?” деген суроолор берилгенин айтты.

“Спикер Нурланбек Шакиевге “Нурлан ушундай-ушундай болуп атат. Желекке оңдоп-түзөтүү киргизүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Жогорку Кеңешке туунун авторлорун чакырып кеңешип мүмкүн желектеги күндүн нурун кичине түздөп, түндүгүндөгү чамгаракты төрткө көбөйтүп койбойлубу?” деп мен сурандым. Нурлан Шакиевди тепкилебей мени тепкилегиле”, - деди президент.

Президент сөзүнүн аягында залда отургандардан желекке өзгөртүү киргизүү демилгесин колдоп берүүнү суранды. Курултайдын делегаттарынын айрымдары кол чапты. Бирок тууну өзгөртүү сунушу колго салынып, добуш берилген жок.

Элдик курултайда сөз сүйлөгөн бир нече киши желекти өзгөртүүгө каршы экенин билдиришкен. 15-декабрда алардын бири Айтбек Курманов Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, тууну өзгөртүү демилгесинен баш тартууга чакырып, Бишкектеги райондордун атын өзгөртүү сунушун берген.

Желекти өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун спикер Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов жазып, сентябрь айында коомдук талкууга коюшкан. Анда документтин максаты “өлкөнүн мамлекеттик башкы символдорунун бири болгон тууну жакшыртуу” экени белгиленген.

Жаңы сунушталган вариантта кызыл түстөгү туунун ортосундагы күндүн нуру толкун сымал эмес, түз берилген жана нурлар өзүнчө бөлүнгөн. Түндүктүн элесиндеги үч чамгарак төртөө болуп өзгөргөн.

Жогорку Кеңеш 29-ноябрдагы жыйынында туунун элементтерин өзгөртүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун биринчи окууда көпчүлүк добуш менен чукул кабыл алган.

Садыр Жапаров буга чейин “Кабар” улуттук агенттигине курган маегинде тууну өзгөртүү демилгесин колдой турганын билдирген.

Учурда тууну өзгөртүү маселеси коомчулукта дагы эле талкууда. Тууну өзгөртүүгө каршы чыгып, митинг өткөрүүгө камынган жарандык активист Афтандил Жоробеков массалык башаламандыкка айыпталып кармалып, сот аны эки айга камакка алды.

Кыргызстандын мамлекеттик туусу өлкө эгемендик алгандан кийинки алгачкы парламенттин 1992-жылдын 3-мартындагы токтому менен бекитилген. (BTo)

XS
SM
MD
LG