Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:16

Садыр Жапаров элди шайлоолорго активдүү катышууга чакырды


Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

16-декабрда президент Садыр Жапаров экинчи Элдик курултайдын делегаттарынын суроолоруна жооп берип жатып элди шайлоолорго активдүү катышууга чакырды. Мамлекет башчы быйыл Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда Жогорку Кеңештин депутаттыгына өткөн эки шайлоого тең шайлоочулар аз катышканын билдирип, калкты кайдыгер болбоого үндөдү.

“Мен бул маселе боюнча депутаттарга да айтып шайлоодо добуш бербегендерге административдик айып салуу керекпи дегем. Бул деген жарандык позиция да. Түркия ушундай мыйзам кабыл алып кийин жокко чыгарды. Азыр Түркияда элдин 80-90% шайлоого барат”.

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоодо добуш берүүгө катышпай койгон жарандарга айып пул салуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарып, ноябрь айынын аягында кайра артка чакыртып алды. Ал документ толукталып кайра коомдук талкууга коюларын билдирген.

Бишкектеги бир мандаттуу №26 Ленин округунда быйыл 28-майда өткөн шайлоодо 124 миң 908 шайлоочунун 17 миң 423ү (13,95%) гана добуш берген. Бул Кыргызстанда эң аз шайлоочу катышкан шайлоолордун бири болгон.

2017-жылдагы президенттик шайлоого шайлоочулардын 56% катышса, 2021-жылдагы президенттик шайлоодо 39,75% гана добуш берди. 2020-жылы Жогорку Кеңешке болгон шайлоого шайлоочулардын 56,2%, 2021-жылы 34,93% келген. 2020-жылы 3,5 миллиондой шайлоочу болсо, 2021-жылы ал 3 миллион 700 миңге жеткен.

Кыргызстанда Конституция боюнча ар бир жаран шайлоого жана шайланууга укуктуу. Шайлоодо добуш берүү милдеттүү эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG