Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Жапония Өзбекстандын эки компаниясына санкция салды


Жапониянын желеги.
Жапониянын желеги.

Жапониянын Экономика министрлиги беш өлкөдөгү 90го жакын компанияга санкция салды. Маалыматка караганда, санкциялык тизмеге Орусиядагы 57, Беларустагы 27, Бириккен Араб Эмираты менен Өзбекстанда экиден ишкана жана Сириядагы бир компания киргизилди.

Жапония киргизген экспорттук чектөөлөр Өзбекстандын Alfa Beta Creative жана GFK Logistic Asia ишканаларына тиешелүү.

Бул компанияларга буга чейин АКШ жана Европа Биримдиги да санкция салган. Еврокомиссиянын сайтына жарыяланган маалыматта бул фирмалар Батыш өлкөлөрүнөн Орусиянын коргонуу өнөр жайы үчүн товарларды сатып алууга аракет кылганы айтылат.

Буга чейин “Азаттык” радиосу Украинада согуш башталгандан көп өтпөй Кыргызстанда жана Казакстанда ачылган компаниялар Орусияга Батышта чыгарылган, санкцияга кабылган электроника товарларын жөнөтүп жатканын аныктаган.

Мындай кош багыттагы микрочиптерди Борбор Азиядан импорттогон орусиялык ишканалардын Кремлдин аскердик өндүрүшүнө байланышы бар экени белгилүү болгон. (BTo)

XS
SM
MD
LG