Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:18

Курултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү сунушу айтылды


 Экинчи Элдик курултай.
Экинчи Элдик курултай.

16-декабрда Экинчи Элдик курултайдын делегаты Кадыр Кошалиев сөз сүйлөп жатып Кемпир-Абад иши боюнча абакта жаткандар сотту ачык өткөрүүнү талап кылып жатышканын учкай айтып өттү.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып, Бишкектеги №1 тергөө абагында жаткан оппозициялык саясатчы Азимбек Бекназаров буга чейин Элдик курултайдын катышуучуларына кайрылуу кылып, сотту ачык өткөрүүнү курултайга салуу сунушун берген.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 30га жакын саясатчы, активисттер былтыр октябрда камалган. Ушу тапта кармалган 27 кишинин 11и тергөө абагында отурат. Калгандары буга чейин түрдүү жагдайда үй камагына чыккан.

Кемпир-Абад иши сегиз айлык тергөөдөн кийин быйыл июнь айында сотко өткөн. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларды “бийликти басып алууга аракет кылган” деп айыптоодо. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттап келет.

Иш “жашыруун” деген негиз менен соттук жараяндар жабык өтүп жатат. Шектүүлөр отурумдарды ачык өткөрүү талабын коюп келишет.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында экинчи Элдик курултай өтүп жатат. 15-декабрда башталган курултай 16-декабрда жыйынтыкталат. (BTo)

XS
SM
MD
LG