Тогуз айда 27 аял төрөттөн каза болду

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда 2023-жылдын 9 айында 27 аял төрөттөн каза болду. Бул тууралуу 14-декабрда саламаттык сактоо министринин орун басары Медербек Исмаилов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди.

Анын сөзүнө караганда, 2022-жылы ушул эле мезгилде 34 аял төрөттөн каза тапкан.

Быйыл январда Ысык-Ата райондук биргелешкен ооруканасынын төрөтканасында 19 жаштагы келин көз жарып, үйүнө чыккандан кийин көз жумган.

Ысык-Көл облустук төрөт үйүндө январь айында эки аптада алты ымыркай инфекциядан чарчап калган. Буга санитардык талаптар жана гигиена эрежелери сакталбаганы себеп экени расмий аныкталып, алты жетекчи иштен алынган.

Economist.kg басылмасы 2021-жылы Кыргызстанда кош бойлуу 100 миң аялдын дээрлик 25и төрөттөн каза болору тууралуу маалымат жарыялаган. (BTo)

Дагы караңыз

Кадамжай жана Чоң-Алай райондорунун акимдери дайындалдыЖогорку Кеңеш 2024-жылдын бюджетин кабыл алдыКыргыз-тажик топографиялык топтору чек арада дагы 47,05 чакырымды макулдаштыHRW кыргыз өкмөтүн майыптыгы бар кыз-келиндерди зомбулуктан коргоого чакырдыКоргоо министри Кыргызстан жеке менчик аскердик компания түзбөй турганын билдирдиКлиматтын өзгөрүүсүнө каршы күрөшүү келишимине 198 өлкө кол койдуДепутат Кыргызстанда акыркы жылдары төрөт азайып кеткенин айтты