Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:59

Коргоо министри Кыргызстан жеке менчик аскердик компания түзбөй турганын билдирди


Балыкчы шаарында өткөн аскердик машыгуу. Иллюстрациялык сүрөт.
Балыкчы шаарында өткөн аскердик машыгуу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жеке аскердик компанияларды түзүү боюнча план жок. Бул тууралуу коргоо министри Бактыбек Бекболотов депутат Алишер Эрбаевдин суроосуна жооп берип жатып айтты.

Ал учурда мамлекеттик армияны күчтөндүрүүгө басым жасалып жатканын белгиледи.

“Учурда күжүрмөн даярдыктагы аскер бөлүктөрү жана кошуундар 100% адискөй болгону далилденип турат. Мисалы, түштүк аймагында, өзгөчө Баткен аймагындагы аскер бөлүктөрдө жоокерлер жок, жалаң аскерлер, прапорщиктер жана келишимдик негизде кызмат өтөп жаткандар. Жеке аскердик компания түзүүдөн баш тартабыз”, - деди Бекболотов.

Орусия Украинага басып киргени Кыргызстанда жеке менчик аскер компаниясы тууралуу көп айтыла баштады. Анткени Орусиянын абактарында жазасын өтөп жаткан жарандарды, анын катарында кыргызстандыктарды согушка “Вагнер” жеке менчик аскер компаниясы азгырып, айрымдары согуш талаасында каза болгону маалым болгон. "Азаттык" "Вагнердин" катарында Украинадагы согушка барып көз жумган кеминде ондон ашуун кыргызстандыкты тактаган.

“Вагнердин” негиздөөчүсү Евгений Пригожин жана анын командирлеринин бири Дмитрий Уткин 23-августта Тверь облусунда учак кулаганда каза болгондон кийин түрмөгө Орусиянын Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, согушка барууга үндөп, каалоочулардын тизмесин алып кетип жатканы айтылган.

Эл аралык чалгын кызматтары өткөн айда Орусияда негизделген "Вагнер" жалданма аскерлер тобунун ордун эми "Редут" деп аталган жеке аскердик компания ээлей баштаганын, ыктыярчылар деген шылтоо менен жалданма адамдарды, анын арасында мурдагы "вагенрчилерди" азгыруу менен алектенип жатканын маалымдашууда.

XS
SM
MD
LG