Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:19

Депутат Кыргызстанда акыркы жылдары төрөт азайып кеткенин айтты


Кыргызстан. Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бири.
Кыргызстан. Бишкектеги төрөт үйлөрүнүн бири.

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына шилтеме берип, Кыргызстанда акыркы төрт жылда төрөт азайып кеткенин билдирди. Бул тууралуу ал парламенттин 14-декабрдагы жыйынында айтып, калктын демографиялык абалын жакшыртуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

“Мисалы, 2019-жылы төрөлгөндөрдүн саны 173 484, 2020-жылы 158 112 (15 миң адамга аз), 2021-жылы болсо 150 164 (дагы 8 миң кишиге аз) тѳрѳлгѳн. Төрөт боюнча жөлөк пул алгандардын азайышы Кыргызстанда төрөлгөндөрдүн саны төмөндөгөнүн айгинелеп турат. Өткөн жылы “Балага сүйүнчү” жөлөк пулун алуучулар 12,9% кыскарып, 130,2 миң адамды түздү”, - деди депутат.

Камила Талиева мындан ары мамлекет үй-бүлөдө төрөлгөн 3-балага артыкчылык берүү жана андан көп бала төрөлгөн үй-бүлөлөрдүн балдарын камкордукка алуу саясатын жакшыртууга чакырды.

2023-жылы тогуз айда Кыргызстандын калкынын саны 92 800 адамга көбөйгөн. Жыйынтыгында быйылкы жылдын октябрына карата өлкөдө элдин саны 7 млн 130 миң адамга жетти.

Кыргызстандын 7 миллионунчу жараны Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында былтыр 19-октябрда төрөлгөн. Кыргызстан калкынын санынын өсүшү боюнча Борбор Азияда экинчи орунда турат. (BTo)

XS
SM
MD
LG