Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:59

Кадамжай жана Чоң-Алай райондорунун акимдери дайындалды


Болоткан Баяке уулу (солдо) жана Мирбек Шамырканов (оңдо).
Болоткан Баяке уулу (солдо) жана Мирбек Шамырканов (оңдо).

Баткен облусунун Кадамжай районунун акимдигине Болоткан Баяке уулу жана Ош облусунун Чоң-Алай районунун акимдигине Мирбек Шамырканов дайындалды. Тиешелүү тескемелерге президент Садыр Жапаров 14-декабрда кол койду.

2021-жылдын май айынан бери Кадамжай районун жетектеп келаткан Кутпидин Шакиров быйыл 12-декабрда кызматтан алынган. Ал райондо өтүп жаткан Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган мааракеге байланыштуу алынганы 13-декабрда маалым болгон.

12-декабрда аймакка иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Молдо Нияздын эстелигинин ачылышы жөнүндө ага маалымат бербегени үчүн Шакировдун ишин сынга алган. Кийин президент иш сапарынын мерчемин өзгөртүп, эстеликтин ачылышына катышып кеткен. Акимди кызматтан алуу тескемесине мамлекет башчы ошондон кийин кол койгон.

Чоң-Алай районунда буга чейин аким болуп турган Темирболот Абыкеев 7-декабрда Ош облусунун Кара-Суу районунун акими болуп дайындалган. 38 жаштагы Абыкеев ага чейин Нарын облусунун Кочкор районунун акими болуп иштеген.

Кадамжайга аким болуп келген Болоткан Баяке уулу 30 жашта. Ал буга чейин Чүйдөгү Сокулук жана Оштогу Кара-Суу райондорунун акимдеринин орун басары болуп иштеген. Чоң-Алайдын жетекчилигине келген Мирбек Шамырканов Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айыл аймагын башкарган. (ErN)

XS
SM
MD
LG