Кадамжайдын акими президенттен сын уккан соң кызматтан кеткени белгилүү болду

Кутпидин Шакиров.

12-декабрда Баткендин Кадамжай районунда Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган мааракеге байланыштуу аймакка иш сапары менен барган президент Садыр Жапаров Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакировдун ишин сынга алганы белгилүү болду.

Бул тууралуу маалыматты иш-чараны уюштурган топтун мүчөсү Азамат Абсаттаров 13-декабрда “Азаттыкка” ырастады.

“Бул маараке тууралуу бир жылдан бери сөз болуп, иштер болуп жаткан. Райондук жана облустук жетекчиликтин да маалыматы бар болчу. Президент Садыр Жапаровдун Баткенге иш сапары белгилүү болгондо уюштуруучулар мааракени ошол күнгө туштап өткөрүү сунушун берген. Жакындаган сайын облустук жана райондук бийликтен “иш-чарага өлкө башчысы катышат” деп айтылып, ошол күнү “протоколго кирген жок, катышпайт” деген кабар болду. “Президент Кадамжайга келип, бирок, катышпай кеткени болбойт, кабар берели” деп Абдыганы Эркебаев, тарыхчы Кыяс Молдокасымов президенттин “Алгакадам” долбоору менен танышкан жерине барып, ошол жерден айтылды. Президент “бул иш боюнча мага кабар берилбегени кандай?” деп район жана облус жетекчисинин аракетин сындаган сөз айтты. Анан иш мерчемин өзгөртүп, Молдо Нияздын эстелигинин ачылышына өзү келип катышып кетти”, - деди Азамат Абсаттаров.

11-12-декабрда президент Жапаров иш сапары менен Баткен обулусунда болуп, бир катар социалдык объектилердин ачылышына катышып, чек ара чырында талкаланып, кайра курулган Капчыгай жана Достук айылдарында болгон.

12-декабрда Кадамажай районундагы “Алгакадам” долбоорунун иши менен таанышып, райондук мамлекеттик администрациясынын алдында Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелигинин ачылышына катышкан.

Ошол эле күнү кечке жуук Кадамжай районунун акими Кутпидин Шакировду кызматтан алуу боюнча жарлыкка кол койгон. Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Шакировдун кызматтан кетишинин себеби жазылган эмес.

Райондук жана облустук бийлик бул боюнча комментарий бере элек. (JsA)

Дагы караңыз

Министр онлайн окуу тууралуу чечимдин кечиккенине түшүндүрмө бердиТүркиянын Бишкектеги элчилигинин жанында автоунаа күйүп кеттиБишкекте ооруган балдар көбөйүп, ординаторлор жардамга чакырылды БУУ Газада ок атышууну дароо токтотуу боюнча резолюция кабыл алдыОрус армиясынын Киевге чабуулунда 50дөн көп киши жабыркадыУКМК бажыда бошогон орундарга Ташиевдин жакындары кызматка алынып жатканын төгүндөдү