Kloop порталынын иши боюнча дагы экспертиза жүргүзүлөт

“Kloop” басылмасынын сайты.

12-декабрда Бишкектин Октябрь райондук сотунда Kloop порталын жабуу боюнча Бишкек шаардык прокуратурасынын арызына байланыштуу кайрадан лингво-психологиялык экспертиза жүргүзүү чечими кабыл алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” сайттын адвокаты Акмат Алагушев билдирди.

Анын сөзүнө караганда, прокурор “Клооптун” материалдары боюнча кайра бир нече экспертиза өткөрүүнү өтүнүп, судья аны канаттандырды. Мамлекеттик айыптоо тарап буга чейинки экспертиза тергөөдө болгонун, сотто эми жаңысын өткөрүү керек экенин негиз кылган.

Башта ишти судья Элмира Барыктабасова карай баштаган. Иш кийин Тимурлан Карабековго өткөрүлгөн.

Бишкек шаардык прокуратурасы Kloop сайтын жабуу боюнча сотко кайрылганы 28-августта белгилүү болгон. Шаардын прокурору Эмилбек Абдыманаповдун арызында Kloop басылмасы “азыркы бийликтин жүргүзгөн саясатын кескин сындап, мамлекеттик, муниципалдык ишканалардын өкүлдөрүнүн кадыр-баркын кетирүүнү көздөгөн терс мүнөздөгү маалыматтарды көп жарыялай турганы” жазылган.

Прокуратура басылманын мындай маалыматтары “эл арасында терс маанай жаратып, айрым аймактардан элди көчүп кетүүгө аргасыз кылып жатканын” жүйө келтирген.

“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко бийликтин мындай аракетине мурдатан даярданып келишкенин, артка чегинүү болбой турганын билдирген.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги сентябрь айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) арызынын негизинде “Клооптун” сайтындагы “Саясатчы Равшан Жээнбеков СИЗО-1де кыйноого кабылганын билдирди” деген жаңылыкты жалган деген негизде өчүрүүнү талап кылган.

8-сентябрда мекеме маалыматты сайттан алып салуу чечимин “Клоопко” тапшырган жана “Клооптун” юристтери бул чечимди жокко чыгаруу үчүн арыз берген. 11-сентябрда Маданият министрлигинин комиссиясы бул арызды канааттандырган эмес.

Министрлик 9-октябрда Kloop.kg сайтынын орусча тилиндеги версиясын бөгөттөгөн. Кийин кыргыз тилиндеги версиясын да жапкан.

Бир катар эл аралык уюмдар кыргыз бийлигинин “Клооп Медиа” мекемесин жабуу аракети боюнча тынчсыздануусун билдиришкен. Kloop 2008-жылдан бери иштейт. Басылма бир катар чуулгандуу иликтөөлөрү үчүн эл аралык сыйлыктарга татыган. (BTo)

Дагы караңыз

УКМК Чүйдөгү базар ээлери ижара акысын арзандатканын маалымдады Кара-Сууда калың кардан улам жол жабылдыГаза: ЦАХАЛ Жабалия менен Шежай шаарларында хамасчыларга сокку уруудаАба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет Төө-Ашууда жүк ташуучу унааларга чектөө киргизилди Кыргызстанда сууктан улам электрди керектөө кескин жогоруладыОрусияда журналист Алсу Курмашевага жаңы кылмыш иши козголдуСадыр Жапаров Оштун мэри менен депутаттардын тиреши тууралуу комментарий берди