Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Кыргызстанда сууктан улам электрди керектөө кескин жогорулады


Кыргызстандагы электр эсептегичи. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы электр эсептегичи. Иллюстрациялык сүрөт.

Күндүн суукташы менен Кыргызстанда электр энергиясын пайдалануу кескин жогорулап, ушул күндөрү суткалык керектөө 66 млн кВт/саатка жетти. Бул тууралуу “Биринчи радио” менен маегинде "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ачык акционердик коомунун башкы директорунун биринчи орун басары Жолдошбек Доктурбай уулу билдирди.

Анын айтымында, былтыр так ушул күндөрү кыргызстандыктар суткасына 62 млн кВт/саат электр энергиясын керектеп турган болчу.

Доктурбай уулу керектөө жылдан-жылга 6-7%га чейин өсүп жатканын белгилеп, соңку кескин секирикти суукта электромештер, кондиционерлер жана башка жабдуулар көбүрөөк колдонулуп жатканы менен түшүндүрдү.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев 8-декабрда Бишкекте басма сөз жыйынын өткөрүп жаткан маалда Кыргызстанда электр энергиясын суткалык керектөө 50-55 млн кВт/саат болуп жатканын маалымдаган.

Кыргызстанда соңку эки-үч күндөн бери күн сууктап, кар жаады. "Кыргызгидромет" борбору абанын температурасы мындан ары төмөндөй турганын эскертти.

Кыргызстанда электр энергиясын керектөө жыл сайын өсүп жатканы буга чейин эле маалымдалган. Энергетика министрлиги 2023-жылдын январь-февралында керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76-77 млн кВт/саатка жеткенин маалымдашкан. 19-январда парламентте сүйлөп жатып министр Ибраев муктаждыкты жабуу үчүн электр станциялары болгон кубаттуулукта иштеп жатканын, ал тургай бир сааттык жөнгө салуучу өчүрүүлөргө барбаса керектөө 80 млн кВт/саатка чейин жетип кетиши мүмкүндүгүн айткан эле.

Өлкөдө керектөө өскөнү менен гидро электр станциялардын жана жылуулук электр борборлорунун кубаттуулугу көтөрүлө элек. Мындан улам өндүрүш жогорулаган керектөөнү жаба албай келет.

2021-жылы 15,1 млрд кВт/саат электр тогу өндүрүлсө, кайра 16,3 млрд кВт/саат керектелди. 2022-жылы болгону 13,85 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлүп, ошол эле маалда керектөө 15,9 млрд кВт/саат көлөмдү түзгөн. Быйыл өндүрүш 14 млрд кВт/саат деп пландалса, 12 айдагы керектөө 17,4 млрд кВт/саат болот деп болжолдонгон. Тартыштык импорт менен жабылууда. (ErN)

XS
SM
MD
LG