Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:32

Садыр Жапаров Оштун мэри менен депутаттардын тиреши тууралуу комментарий берди


Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.
Бакытбек Жетигенов жана Садыр Жапаров. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Ош шаардык кеңешинин калаа мэри Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү боюнча өтүнүчүн четке каккан чечим тууралуу комментарий берди.

Мамлекет башчы 12-декабрда “Кабар” улуттук маалымат агенттигине курган кыска маегинде "шаардык кеңештин кайсыл депутаттарынын жеке кызыкчылыгы, жеке таарынычтары бар экенин жакшы билерин" айткан. Жеке таарынычтардын арты менен жетекчилерди кызматтан ала бере турган болсо, мамлекеттик кызматта эч ким иштебей каларын кошумчалады.

“Депутаттар “мыйзам иштеш керек, биздин токтом аткарылышы керек” деген талап коюп атышыптыр. Мыйзамдардын так аткарылышын, адилеттүүлүктү, калыстыкты талап кылардан мурда өздөрү адилеттүү болушсун, өздөрү мыйзамдарды сыйлашсын, өздөрү коррупция менен шугулданганды токтотушсун. Ошондон кийин анан мыйзам жөнүндө сөз кылса жарашат. Жаңы мэрди коюп жатканда “Ошту иретке келтир” деп тапшырма бергем. Ошто мыйзамсыз, талапка жооп бербеген башаламан курулуштар бар экенин жашоочулар жакшы билишет. Мэр ошолордун баарын иретке келтирип, бузчусун бузуп жатат. Албетте, андай иштер мыйзамсыз курулуш куруп алган депутаттарга жакпайт. Арасында коррупция менен жан баккан депутаттар да жок эмес. Мен азырынча алардын баарынын атын атабай эле турайын. Керек болсо учуру келгенде баарын атаймын. Жерлерди, имараттарды мыйзамсыз алгандардан кайра мамлекетке кайтарып жатат”, - деди президент.

Ош шаардык кеңеши 14-ноябрдагы сессиясында мэр Бакытбек Жетигеновго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечимин кабыл алган. Жашыруун добуш берүүгө 42 депутат катышып, жыйынтыгында алардын 39у ишенбөөчүлүк көрсөтүү сунушун колдоп, үч депутат каршы болгон. Депутаттар буга шаардык кеңештин токтомдору аткарылбай жатканын жүйө кылышкан.

Бакытбек Жетигенов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, “бул депутаттардын жеке таарынычы жана кызыкчылыгы” экенин айткан.

57 жаштагы Бакытбек Жетигенов Ош шаарына мэр болуп бир жыл мурда дайындалган. Ал мурда Жогорку Кеңештин депутаты болгон, 2021-жылы ноябрда “Бийликти күч менен басып алууга даярдануу” деген берене менен кармалып, бир айдан кийин бошотулган. Аны жоопко тартууга парламент макулдук берген эмес. (BTo)

XS
SM
MD
LG