Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:41

Орусияда журналист Алсу Курмашевага жаңы кылмыш иши козголду


Журналист Алсу Курмашева Казандагы сотто. 20-октябрь, 2023-жыл.
Журналист Алсу Курмашева Казандагы сотто. 20-октябрь, 2023-жыл.

Татарстанда убактылуу кармоочу жайда отурган “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун журналисти Алсу Курмашевага үчүнчү кылмыш иши козголду. Бул тууралуу мамлекеттик "Татар-информ" маалымат агенттиги 12-декабрда жазды. Маалыматка караганда, Курмашевага “Cогушка жол жок. Украинага кол салууга каршы чыккан 40 орусиялыктын окуясы” деген китебине байланыштуу “орус армиясы тууралуу жалган маалымат таратты” деген кине менен кылмыш иши козголду.

Аталган китепти “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун татар-башкыр кызматы 2022-жылдын ноябрь айында чыгарган. Анда Волга-Урал аймагынын Украинадагы согушка башынан каршы чыккан тургундарынын баяндары камтылган. Китеп 2022-жылдын март-август айларында "Idel.Реалии" сайтына чыккан маектердин негизинде даярдалган.

Тергөөнүн версиясына караганда, Курмашеванын китепти жайылтууга тиешеси бар болушу ыктымал.

"Биз орус бийлигинин Алсуга каршы жаңы айыптардын тагышын кескин айыптайбыз. Журналистика кылмыш эмес. Алсуну куугунтуктоо токтошу керек. Алсу ансыз да адилетсиз айыптар менен жакындарынан алыс, камакта 56 күн өткөрдү”, - деди “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун президентинин милдетин аткаруучу Жефф Гедмин.

12-декабрда Татарстандын Жогорку Соту Курмашеванын адвокатынын доо арызын четке кагып, журналистти камакта калтырган.

Ал "чет өлкөлүк агенттердин тизмесине катталбаган" деген айып менен 18-октябрдан бери убактылуу кармоочу жайда отурат. Ноябрдын соңунда сот анын камактагы мөөнөтүн 5-февралга чейин узарткан.

Радионун татар-башкыр кызматында 25 жылдан ашуун эмгектенип келген, Прагада жашаган Алсу Курмашева быйыл майда Орусияга жеке маселелерине байланыштуу барган. 2-июнда аны Чехияга кайтарда аэропортто кармап, эки паспортун тең тартып алышкан. Ал Орусиянын жана АКШнын жараны. Буга чейин сот Курмашевага "Американын жарандыгын алганы жөнүндө бийликке эскерткен эмес" деген кине менен он миң рубль айып пул салган.

Курмашева өзүнө тагылган айыптарды четке кагууда. "Эркин Европа/Азаттык" радиосу анын кармалышын кескин айыптады.

Бир катар эл аралык уюмдар аны дароо бошотууну талап кылды. Мындай чакырыктарды БУУнун Адам укуктары боюнча башкы башкармалыгы, Журналисттерди коргоо комитети, АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынан тышкы иштер боюнча комитети да жасашты.

Алсу Курмашева көп жылдан бери Орусиянын Волга-Урал аймагындагы аз сандуу улуттардын маселелерин чагылдырып, татар тилин сактап калуу боюнча программаларды даярдап келген.

XS
SM
MD
LG