Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:34

Газа: ЦАХАЛ Жабалия менен Шежай шаарларында хамасчыларга сокку урууда


Газа тилкесиндеги кырдаал.
Газа тилкесиндеги кырдаал.

Израил армиясы 12-декабрда Газа тилкесин бомбалоону улантты. Ошондой эле ЦАХАЛ ХАМАС (АКШ менен Еврошаркетте террордук деп таанылган) уюмунун Жабалия менен Шежай шаарларындагы акыркы турумдарын курчоого алганын билдирген. Израилдин коргоо министри Йоав Галант ырастагандай, соңку күндөрү жүздөгөн хамасчылар өз ыктыяры менен колго түшүп, көбү кармалды.

"Колго түшкөндөрдүн көптүгү абалды айгинелеп турат",- деди Галлант 11-декабрдагы брифингде.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар Газа тилкесиндеги гуманитардык кырдаал боюнча тынчсыздануусун билдирип жатышат. Евробиримдиктин тышкы саясат боюна башкы комиссары Жозеп Боррел Газадагы кырдаалды “катастрофалык” деп мүнөздөдү.

Боррел жөөт армиясынын ХАМАС радикал тобунун чабуулуна жообу жай тургундардын арасындагы болуп көрбөгөндөй жоготууларга алып келгенин билдирди.

ХАМАС көзөмөлдөгөн Саламаттык сактоо башкармалыгы согуш башталганы аймакта 18 миң кишинин өмүрү кыйылганын билдирди. Бул санды көз карандысыз булактардан ырастоо мүмкүн эмес.

ХАМАС радикал кыймылы 7-октябрда Израилге кол салып, 1200 кишини өлтүрүп, 240тай адамды барымтага алган. Бул окуядан кийин жөөт армиясы ХАМАСка каршы согуш жарыялап, Газа тилкесине чабуулун баштаган.

БУУ жана бир катар эл аралык уюмдар анклавда гуманитардык кризис күч алганын билдирип, ок атышууну токтотууга чакырууда.

XS
SM
MD
LG