Аба ырайы: кар жаайт, сууктун күчү -35 градуска жетет

Бишкек шаары.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, 13-декабрда да аба ырайы туруксуз болот. 14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөйт. Суук аба ырайы жайыттарда малды багууну, автоунаа, энергетика жана коммуналдык казматтардын ишин кыйындатат.

14-декабрда абанын температурасы мындан ары төмөндөп, Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25°, күндүз -12…-17°, Талас өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27°, күндүз -10…-15°, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз -3…-8°, Ысык-Көл ойдонунда түнкүсүн -14…-19°, күндүз -4…-9°, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -19…-24°, күндүз -11…-16°, бийик тоолордо түнкүсүн -30…-35°, күндүз -15…-20° болушу күтүлөт.

12-13-декабрда жааган карга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-110 чакырымында, Каракол-Эңилчек автоунаа жолундагы Чоң-Ашууда кар көчкү коркунучу бар. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Автунаалардын ортосундагы 500 метр аралык сакталышы зарыл.

13-декабрдын аба ырайы

Түнкүсүн Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, күндүз Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт.

Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Түнкүсүн жана эртең менен Чүй облусунун айрым жерлерин туман каптайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -12…-17;

Талас жергесинде түнкүсүн -22…-27, күндүз -10…-15;

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…-8;

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;

Нарын облусунда түнкүсүн -13…-18, күндүз -11…-16;

Бийик тоолордо түнкүсүн -25…-30, күндүз -19…-24 градус болот.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшүшү мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -22…-24°, күндүз -14…-16° болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Дагы караңыз 12-декабрь: Президент Оштун мэрин сактап калды, электрди керектөө кескин өстү

Дагы караңыз

Google 2023-жылы интернетте изделген маалыматтардын рейтингин чыгардыКадамжайда Молдо Нияздын айкели орнотулду Польшанын премьер-министри болуп Дональд Туск шайландыЗеленский АКШда Улуттук коргонуу университетинде сөз сүйлөдү