Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:31

Зеленский АКШда Улуттук коргонуу университетинде сөз сүйлөдү


Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Улуттук коргонуу университетинде сүйлөп жатат. 11-декабрь, 2023-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский АКШнын Улуттук коргонуу университетинде сүйлөп жатат. 11-декабрь, 2023-жыл.

Украинанын президенти АКШдагы эки күндүк сапарынын алкагында 11-декабрда Улуттук коргонуу университетинде сүйлөдү.

Аны АКШнын Коргоо министри Остин Ллойд тосуп алып, Вашингтон Орусиянын агрессиясына каршылык көрсөтүп жаткан Украинаны колдорун, ал улантыларын кошумчалады.

Өз кезегинде Владимир Зеленский украин армиясынын жеңиштери, орус күчтөрү басып алган аймактын 50% кантип кайтарылганын айтып берип, Вашингтонго буга чейин көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Украина багынган жок жана багынбайт. Биз эмне кылышты так билебиз. Путин жеңилиш керек. Азыр анын силерге каршы башкы куралы - бул пропаганда жана жалган маалымат. Бирок ага мүмкүнчүлүк берилсе, ал токтобойт”,- деди Зеленский.

12-декабрда украин президенти Ак үйдө АКШ президенти Жо Байден менен жолугат. Ошондой эле Зеленский Конгресстин өкүлдөрүнө жолугуп, Киев канчалык жардамга муктаж экенин жана Американын колдоосу канчалык маанилүү экенин түшүндүрөрү күтүлүүдө.

АКШнын Сенаты 6-декабрдын кечинде Украина жана Израилге аскердик, Газага гуманитардык жардам берүү каралган мыйзам долбоорун колдобой койгон.

Октябрдын аягында президент Жо Байден Конгресстен эл аралык коопсуздукка жумшалчу каражатты бекитүүнү өтүнгөн. Украинага ал пакеттин алкагында 61 млрд доллар берилмек.

Республикачыл мыйзам чыгаруучулардын көбү Киевге жардам берүүнү улантууну колдогону менен, мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөштү күчөтүүнү талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG