Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:24

Кадамжайда Молдо Нияздын айкели орнотулду


Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги.
Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги.

Баткендин Кадамжай районунун мамлекеттик администрациясынын алдына Молдо Нияз Эрназар уулунун эстелиги коюлду. Анын ачылышына 12-декабрда президент Садыр Жапаров катышты.

Эстелик кыргыз философу, акын-жазуучу, ойчул Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына карата орнотулган.

Кыргыздын алгачкы жазма акындарынын бири Молдо Нияз 1823-1906-жылдар аралыгында жашап өткөнү айтылып жүрөт. Анын 200 жылдыгына карата эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун колдоосу менен биринчи жолу акындын чыгармасы жана ал жөнүндөгү изилдөө камтылган эмгек түрк тилинде жарык көргөн. (JsA)

XS
SM
MD
LG