Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:20

Польшанын премьер-министри болуп Дональд Туск шайланды


Польшанын премьер-министри Дональд Туск.
Польшанын премьер-министри Дональд Туск.

Польшанын Сейми 11-декабрда оппозициялык блоктун лидери Дональд Тускту өкмөт башчылыкка шайлады. Аны парламенттин төмөнкү палатасындагы депутаттардын 248и колдоп, 201и каршы чыкты.

Буга чейин Сейм Матеуш Моравецкийдин убактылуу өкмөтүнүн мөөнөтүн узартуудан баш тарткан.

Октябрда өткөн шайлоодо бийликтеги “Укук жана адилеттик” партиясы алдыга чыкканы менен парламенттеги көпчүлүк орунга ээ болбой калган. Туск башында турган “Жарандык платформа” экинчи орунду ээлеген.

Туск өкмөт башчылыкка дайындалгандан кийинки сөзүндө: “Биз караңгылык менен зулумдукту кууп чыгарабыз”,- деди.

66 жаштагы Туск Польшанын өкмөтүн 2007-2014-жылдары башкарган. Ал эки ирет Еврокеңештин төрагасы болуп шайланган.

XS
SM
MD
LG