Токмокто базардын соодагерлери патент системасын калтырууну талап кылышты

Токмок шаары. Архивдик сүрөт.

4-декабрда Токмок шаарындагы “Булак” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы экенин билдирип, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Шаардын мэри Максат Нусувалиев “Азаттыкка” Токмокто төрт базар бар экенин, анда иштеген ишкерлерге ККМ, жаңы салык саясаты боюнча түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын жана эч ким иш таштабаганын айтты.

“ККМди колдогондор, каршы чыккандар да бар экен. Эл ККМ системасын туура эмес түшүнүп алышууда. Ошондуктан биз соодагерлерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Митинг болгон жок. Биз маалымат жеткирип жатабыз”, - деди Нусувалиев.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Алар менен Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жолугуп, ишкерлер койгон талаптарды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам, токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Дагы караңыз

“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Шамшидин уулу үй камагына чыктыТашиев менен Ятимов чек ара боюнча "принципиалдуу чечимдер кабыл алынганын" билдирди Сузактагы жол кырсыгында үч киши көз жумду Мэр акцияга чыккан “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери менен жолуктуМинистр Жаныбеков Айыл чарба министрлиги өзгөрө турганын билдирди Кыргызстанга жасалма акча ташууга шектелип эки жаран кармалды