Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:55

“Бүтүн Кыргызстандын” мүчөсү Шамшидин уулу үй камагына чыкты


Замирбек Шамшидин уулу сот залында. 25-сентябрь, 2023-жыл.
Замирбек Шамшидин уулу сот залында. 25-сентябрь, 2023-жыл.

4-декабрда “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын мүчөсү Замирбек Шамшидин уулу Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Замирбек Шамшидин уулун 21-сентябрда кармаган. Жактоочусу ага Кылмыш-жаза кодексинин “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси менен кылмыш иши 8-сентябрда козголгонун айткан. 13-сентябрдагы Бишкек шаардык сотунун имаратынын алдындагы митингден кийин ал “Массалык баш аламандыктар” беренесине алмаштырылган.

Жогорку Кеңештеги оппозициялык “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду милициянын атайын даярдыктагы бөлүгүнүн кызматкерлери 2-сентябрда Бишкекте кармап кеткен. Ал ушул тапта УКМКнын тергөө абагында жатат.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту саясатчынын бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтырган. Ал күнү сот имаратынын алдында Мадумаровдун тарапташтары митинг өткөргөн.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Мадумаровго Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чыккынчылык” беренеси менен айып коюлганын маалымдаган.

Башкы прокуратура Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксатты парламенттен быйыл 22-июнда алган. Анда “Бийликтен аша чабуу” деген берене боюнча айып коюлган. Көзөмөл органынын бир жыл мурдагы ушундай эле сунушуна каршы чыккан парламент бул ирет аны колдоп берген.

Депутатты Кемпир-Абад маселеси боюнча жоопко тартуу сунушу 22-июндагы отурумда колдоо тапкан эмес.

Адахан Мадумаров чек ара протоколу боюнча коюлуп жаткан айыпты “жомок” деп атаган. Ал Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын 2008-2009-жылы туура бир жыл аркалаган. Ошол кызматта турган 2009-жылы Ош - Баткен - Исфана жолун оңдоо жана көпүрө куруу үчүн 275 метр узундуктагы беш гектар жерди тажик тараптан 49 жылдык мөөнөткө ижарага алуу боюнча протоколго кол койгон. Депутат бул документ юридикалык күчкө ээ эмес экенин айтып келет. Ал сөз болгон протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан бери күбө катары сурала баштаган.

Президент Садыр Жапаров былтыр жыл башында “Вечерний Бишкек” басылмасына курган маегинде 2009-жылы Баткендеги Төрт-Көчө тилкеси боюнча кол коюлган протоколду “чыккынчылык” деп атаган. (BTo)

XS
SM
MD
LG