Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Мэр акцияга чыккан “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери менен жолукту


Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын мэри
Айбек Жунушалиев, Бишкек шаарынын мэри

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев 4-декабрда Көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга каршы митингге чыккан “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери менен жолугушту.

Ал чогулган ишкерлерге сүйлөп жатып, алар койгон талаптарды ишке ашыруу үчүн бир катар мыйзам, токтомдорго өзгөртүү киргизүү керек экенин айтты.

“Силердин талаптарды ишке ашыруу үчүн бир нече токтом, мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү керек. Анын баары бир эле күндө чечилбейт. Мунун баары мыйзам менен бекилип калган”, - деди шаар башчысы.

4-декабрда Бишкектеги “Дордой Моторс” базарынын соодагерлери Көзөмөл-кассалык машинелерге (ККМ) каршы нааразылык акциясына чыгышты. Жашылча-жемиш, азык-түлүк жана автоунаанын тетиктерин саткан базарда 2000дей ишкер иштейт.

Акциянын катышуучулары менен “Дордой" ассоциациясынын негиздөөчүсү, коомдук ишмер Аскар Салымбеков да жолугушту.

Кыргызстанда өткөн жумада базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан. 29-30-ноябрда Оштогу Кара-Суу жана Бишкектеги “Дордой”, “Мадина”, Орто-Сай базары, 1-декабрда борбордогу “Аламүдүн” жана Оштогу, Таластагы, Ысык-Көлдүн Каракол шаарындагы базарлардын сатуучулары митингге чыгышкан. 2-декабрда ушундай эле талап менен Бишкектеги автоунаа тетиктерин саткан “Кудайберген” базарынын соодагерлери да акция өткөрүшкөн.

Бул окуялардан кийин президент Садыр Жапаров базарлардагы нааразылыкты иликтөө үчүн жумушчу комиссия түздү.

Кыргызстанда базарларда соода-сатык менен алектенгендер 2024-жылдын 1-январынан тартып ККМди милдеттүү түрдө колдонушу керек. Ишкерлер ККМдин түйшүгү көп экенин билдирип ага каршы чыгууда. Бийлик бул система кирсе көмүскө экономиканын үлүшү азая турганын билдирип келет.

  • Кыргызстандын бийлиги соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек шаарында, башка аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өттү.
  • ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектелген, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

XS
SM
MD
LG